• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында бир күндө 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарында - 2, Ош шаарында - 3, Жалал-Абад облусунда - 1, Баткен облусунда - 2, Ош облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 1, Чүй облусунда - 1, Талас облусунда - 1 өрт кырсыгы катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болуп, ачылбай калган эшикти ачып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий