• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишке, 03.08.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир сутканын ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 2, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 2, Чүй облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 5 жана Баткен облусунда - 1 өрт катталган.

Алсак, Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Селекционная көчөсүндө ачык аянтта 250 чарчы метр куураган көп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Ал эми Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодское айылында «Форд транзит» үлгүсүндөгү автоунаанын салону толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле Кара-Балта шаарында Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында Темир контейнерден салынган 110 чарчы метр эки кабаттуу үй толугу менен, ошондой эле 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелерин бузулушу.

ӨКМден кошумчалашкандай, калган учурларда куураган чөптөр күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий