• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 3-кичи районундагы үйдүн жанында азык-түлүк дүкөнү жарым жартылай күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кадыров көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 80 чарчы метр ашканасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Андан тышкары, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Биринчи Май айылында турак үйдөн өрт чыккан. Тилсиз жоодон үйдүн алты чарчы метр бөлмөсү жана үй-тиричилик уюмдары күйгөн. Өрттүн себеби - тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий