• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, катталган өрттөрдү өчүрүүгө жалпы 15 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкекте 10 кичи районундагы Саманчы көчөсү №10 дарегиндеги батирдин балконунда шкаф, шифонер, стол күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Бишкектеги Бейшеналиев-Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ош базардын аймагында өрт чыккан. Өрт кечээ, болжол менен түнкү саат 23:39дар чамасында өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат жалпысынан 6 бөлүм, Штаб жана КБП тартылган. Ошондой эле ИИМнен кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада жана тазалык ишканасынан 1 водовоз тартылган.

"Ош базардын аймагында чыккан өрт саат 00:52 чектөөгө алынып, өрт саат 03:31де толук өчүрүлгөн. Кийим-кече сатылуучу контейнерлер күйгөн, болжол менен 500 чарчы метр күйгөн", - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарынын Анар кичи районундагы Өскөнбаев көчөсүндөгү даарыканада кондиционер күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий