• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында бир суткада 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир суткада 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 19 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 3, Чүй облусунда - 2, Нарын облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 3, Ош облусунда - 3, Баткен облусунда - 3 өрт кырсыгы катталды.

Алсак, Бишкек шаарындагы Көлбаев көчөсүндө көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө электр калканы күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

Ошондой эле Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылында жалпы аянты 25 чарчы метр бастырма жана 120 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Камыш-Башы айылында жыгач устундуу шибер жабылган 2 кабаттуу бастырманын 50 чарчы метр чатыры, 400 боо жүгөрү сабагы жана 70 түк жыйылган чөп күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий