• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында бир суткада 5 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир суткада 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө беш бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.

Алсак, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан кароосуз калган сарайдын 65 чарчы метр аянты күйгөн.

Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылынын Чекин-Ата көчөсүндөгү турак үйдүн бөлмөсүндө 1 чарчы метр пол күйгөн. Тилсиз жоо мешти курууда жана пайдаланууда эреженин бузулушунан улам келип чыккан.

Андан тышкары, Ананьево айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, 4 чарчы метр полу, 12 чарчы метр шыбы жана үй буюмдары күйүп кеткен. Өрттүн себеби - электр зымдарынын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий