• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында бир жумада 17 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы бир жуманын ичинде 17 миң 412 жол эрежелерин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 2 182;

-тиешелүү документи жок унаа башкаруу - 170;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 6 867;

- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 2;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 16;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 297;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 62;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 7 218;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 42;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 202;

- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 699.

Пикир

Оставить комментарий