• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында бир жумада 23 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузган

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.23./Кабар/. Кыргызстандын аймагында 28-январдан 3-февралга чейинки аралыкта 23 миң 353 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 197 айдоочу тиешелүү документи жок унаа башкарса, дагы 233 адам мас абалында рулга отурган.

Андан тышкары, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу боюнча 53 факты, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 430, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 8 миң 50, автоээнбаштык - 6, жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу - 2 миң 861, башка эреже бузуулар 11 миң 523.

ЖКККББдан кошумчалашкандай, 953 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий