• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында болгон чет элдиктерге жана жарандыгы жокторго "жашыл коридордун" мөөнөтү узартылды

Коом 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен КР өкмөтү тарабынан Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик жарандарга жана жарандыгы жокторго "жашыл коридордун" мөөнөтү узартылды.

"Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абалдын 11-майга чейин узартылышын эске алып, ошондой эле чет өлкөлөр менен болгон аба каттамдын убактылуу токтотушуна жана чек аралардын жабылышына байланыштуу чет элдик жарандарга жана жарандыгы жокторго "жашыл коридордун" мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июнуна чейин узартуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, учурда Кыргызстандын аймагында виза жана визасыз тартипте жүргөн чет элдик жарандар жана жарандыгы жоктор 1-июнга чейин чыгыш визаларын толтурбастан жана убактылуу жашаган жери боюнча каттоосу болуу талабы коюлбастан Кыргызстандан чыгып кете алышат.

Пикир

Оставить комментарий