• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республиканын аймагында дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июль күнү өлкө боюнча 903 207 м² имараттар, 360 365 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 92 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 11 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 40 кг жана 18 литр суюк хлор колдонулду;

Нарын облусунда 1 550 м² имараттар, 8 000 погондук метр автоунаа жолдору дезинфекцияланып, 20 кг жана 2 литр суюк хлор колдонулду;

Талас облусунда 1 5000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 60 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 765 500 м² имараттар жана 253 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 240 кг жана 48 литр суюк хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 75 102 м² имараттар жана 1 095 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 90 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 43 700 м² имараттар жана 20 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 235 кг жана 12 литр суюк хлор колдонулду;

Баткен облусунда 195 м² имараттар, 25 270 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 39,2 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 17 160 м² имараттар, 27 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 15,6 литр суюк хлор колдонулду.

Белгилей кетсек, залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү жана өрт өчүрүү унаа менен жарандар көп бара турган объектилерде, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий