• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 1-августта саат 15:23тө Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак, Каду, Ак-Тоок айылдарында 3 балл, Кара-Алма айылында жана Көк-Жаңгак шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий