• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.11.17. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-ноябрда болжол менен саат 00:13 чамасында Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ош облусунун Алай районунун Нура айылынан 6 чакырым түндүк-батышта, Иркештам айылынан 13 чакырым түндүк-батышта, Ош шаарынан 136 чакырым түндүк-чыгышында очогунда 3.0 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн күчү Нурада - 3 балл, Иркештам,Икизякта - 2,5 балл сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий