• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 12-августта саат 16:03тө Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Эпкин, Ак-Чий, Туз, Кен-Суу айылдарында 3,5 балл жана Жумгал районунун Жумгал, Кызарт айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий