• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын аймагында коронавируска чалдыккан учур катталган жок

Өкмөт 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына келүүсүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө 24-февралга карата республикада коронавирус чыккан учур аныкталбаганы белгиленди. Стационардык шартта 143 киши, ал эми жашаган жери боюнча 391 адам медициналык көзөмөлдө. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тармактык багыттар боюнча комплекстүү чараларды жүзөгө ашыруу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат беришти.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун клиникалык колдонмолоруна ылайык иштелип чыккан аракеттердин алгоритмине өзгөртүү киргизүү чечимин кабыл алды. Ага ылайык, Япониядан, Түштүк Кореядан жана Ирандан (тизмеде дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кошумчалар кирип турат), ошондой эле Кытай Эл Республикасынан келгендер 14 күн атайын даярдалган жайларда карантинде болот.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус кандайдыр бир жөнөтмө жана предметтер аркылуу жукпары бул жолу да айтылды. Вирус 40°С температурага туруштук бере албары жана айлана-чөйрөгө анчалык туруктуу болбору белгиленди.

2020-жылдын январь айынын аягынан бери эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин бардыгы милдеттүү түрдө текшерүүдөн, карантинден өтүп, андан кийин гана өлкө аймагына киргизилүүдө.

Алтынай Өмүрбекова Өкмөт коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча зарыл чараларды кабыл алганын айтты.

Жыйындын соңунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Тагыраак айтканда, Тышкы иштер министрлигине Кытай Эл Республикасынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун жана ден соолугун коргоо максатында иштерди улантуу, Билим берүү жана илим министрлигине вирустун жайылышына жол бербөө боюнча билим берүү жайларында туруктуу негизде коронавирус жана өздүк гигиенаны сактоо эрежелери тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуу тапшырмасы берилди.

Экономика министрлигине Кытай Эл Республикасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн төмөндөөсүнө жол бербөө боюнча Антикризистик чаралардын планын иштеп чыгууну аяктоо милдеттендирилди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине баалардын негизсиз жогорулашын алдын алуу максатында дары-дармектин жана медициналык каражаттардын, ошондой эле негизги азык-түлүктүн наркына мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди улантуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий