• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн аракка болгон минималдык баа белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн аракка болгон минималдык баа белгиленди, - деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, минималдык баалар төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленген:

- 0,5 литр даяр продукцияны дүң сатуу 2020-жылы 103 сомду түзөт (мурун бул сумма 81 сом болгон), 2021-жылы – 114 сомду, 2022-жылы – 125 сомду жана 2023-жылы – 136 сомду түзөт.

- 0,5 литр даяр продукцияны чекене сатуу 2020-жылы – 112 сом (мурун бул сумма 90 сом болгон), 2021-жылы – 123 сом, 2022-жылы-134 сом, 2023-жылдан баштап - 145 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий