• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында «Спутник V» вакцинасын чыгаруу маселеси талкууланды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен Москва шаарында жолугушту, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө синистрлер COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун негизги багыттарын талкуулашты.

Министр Бейшеналиев Россия тарапка коронавирус инфекциясына байланыштуу түзүлгөн оор кырдаалда Кыргызстанга берилген гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ушул жылдын июль айында оорунун күчөп турган учурунда Россия медициналык Алистер э тобунун ооруну жеңүүгө кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи.

Буга байланыштуу жаңы коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү Россиянын алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен биргелешкен чараларды кабыл алуу жана Кыргызстанга медициналык гуманитардык жардам, анын ичинен «Спутник V» вакцинасын берүү мүмкүнчүлүгү боюнча маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Мурашко эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерин эске алуу менен Россия тарап Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн мүмкүн болушунча жардам берүү маселеси өзгөчө көңүлгө алынарын билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында «Спутник V» вакцинасын чыгаруу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар COVID-19дун жайылуусуна каршы күрөшүүгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий