• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын аймагында жүргөн тажик жарандары беш өткөрүү пункту аркылуу чыгып кетсе болот. Тизме

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жүргөн тажик жарандары беш өткөрүү пункту аркылуу чыгып кетсе болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан убактылуу чектөөлөрдүн киргизилишине байланыштуу.

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн Тажикстан Республикасынын жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы төмөнкү өткөрүү пункттары аркылуу гана чыгып кете алышат. Алар:
– «Кулунду»;
– «Кайрагач»;
– «Кызыл-Бел»;
– «Бордобо»;
– «Карамык».

​Ошону менен бирге министрлик убактылуу чектөөлөр Тажикстан Республикасынын жарандарына - чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине жайылбай тургандыгын белгилейт.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасында убактылуу чектөөлөрдү киргизген болчу.

Убактылуу чектөөлөрдүн айрым жагдайларга тиешеси жок;

  • Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
  • чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мчөлөрү, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдары (тиешелүү органдар менен алдын ала макулдашылгандан кийин гана);

УКМКнын Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, Тажикстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары же болбосо, Кыргызстандын аймагында жүргөн Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара бекети аркылуу өтүп кете алышат.

Пикир

Оставить комментарий