• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. 2017-жылдын 22-майында КР Сейсмология Институтунун берген маалыматына ылайык, саат 15:23дө Кыргызстандын аймагында очогунда 6 балл болгон жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө КРнын Ош облусу менен Тажикстан Республикасы чектеш тоо кыркаларында болгон. Ош облусунун Бор-Дөбө, Кара-Киндик айылдарында 5 балл, Нура айылында 4,5 балл; Сары-Таш айылында 4 балл сезилген. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий