• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аймагындагы жарандыгы жок адамдын укуктук статусун аныктоо тартиби сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «жарандыгы жок адам» статусун алуу маселелерин жөнгө салуу боюнча укуктук негиздерди белгилөө максатында иштелип чыккан «Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Азыркы мыйзамдарда «жарандыгы жок адам» укуктук статусу боюнча ырааттуу караган жоболор жок. Анткени, жаңы түзүлгөн көз карандысыз мамлекеттердин мыйзамдарында миграция маселесин жөнгө салган ченемдик укуктук база болгон эмес.

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, жарандыгы жок адамдын укуктук статусун аныктоо тартиби КР Өкмөтү тарабынан аныкталууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий