• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын аймактарына багыттоочу жол көрсөткүч белгиси орнотулду

Коом 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарына багыттоочу жол көрсөткүч белгиси орнотулду. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 25-майда өтүп, ага КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Корея эл аралык кызматташтык агенттиги KOICA уюмунун туризм багытындагы долбоорлорду ишке ашыруучу МДК “Силк Роуд” уюмунун жетекчиси Сангхун Чу катышты.

Ачылыш аземинде Самат Шатманов жол көрсөткүч белгилери ички жана сырттан келген туристтерге ыӊгайлуу саякаттоосуна жана туризмдин өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзөөрүн баса белгиледи. Мындан сырткары, өлкөдөгү жол көрсөткүч белгилери аз кездешкен жерлеринде кошумча жыйырма үч жол көрсөткүч белгилери орнотулмакчы.

Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти, Кыргыз Республикасынын Транспорт архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги жана тийиштүү мамлекеттик органдардын колдоосу менен Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) туризм багытындагы долбоорлорду ишке ашыруучу МДК “Силк Роуд” уюму тарабанынан ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий