• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чолпон-Атада «Кыргызстандын аймактарында туризм секторун өнүктүрүү» боюнча бизнес форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында «Кыргыз Республикасынын аймактарында туризм секторун өнүктүрүү» боюнча бизнес форум министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Анда өлкөдөгү жети дубандын айланасында туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлор, маданий мурастарды сактоо, экотуризмди туруктуу өнүктүрүү, Ысык-Көл облусундагы аба майдандарын өнүктүрүү, Кыргызстандын туризм дараметин ачып берүүдө артыкчылыктуу багыттары жана туризм тармагындагы сапатты эл аралык деңгээлге жеткирүү зарылдыгы талкууланды.

Форумдун жүрүшүнө президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, туристтик секторлордун өкүлдөрү, элчилер жана ишкерлер, туризм тармагына тиешелүү долбоорлордун жетекчилери катышты.

Ошондой эле аны менен катар "Рух ордо" комплексинде жарманке өттү.

Пикир

Оставить комментарий