• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылйык, 4-5-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын дарыяларында температуранын жогорулашына байланыштуу, суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү күтүлөт жана коркунучтуу ченемге жакындап ашып кетиши мүмкүн.

6-7-майда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

Пикир

Оставить комментарий