• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Коом 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, „Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине утилдештирүү жыйымдарды киргизүү максатында аталган кодексти төмөнкүдөй ченемдер менен толуктады, ага ылайык:

— Сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө жыйым (утилдештирүү жыйымы) керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө жаткан сымап камтылган буюмдарды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар тарабынан төлөнөт.

— Сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымынын өлчөмү, тартиби жана киргизүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Сымап камтылган буюмдарды өндүрүүчү, импорттоочу утилдештирүү жыйымын продукциянын өздүк наркына кошот. Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн эсебинен республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдарга субсидияларды берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу сымап камтылган буюмдарды пайдалануудан калган калдыктарды жыйноого, ташууга, кайра иштетүүгө чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди кошо финансылоого жумшалат.

— Утилдештирүү жыйымдары республикалык бюджетке түшөт.

Ошондой эле аталган Мыйзам менен «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Мыйзамдын 20-статьясына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилди, ага ылайык:

— Сымап камтылган калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымын алуунун негизинде белгиленет.

— Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн эсебинен республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдарга субсидияларды берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу сымап камтылган буюмдарды жыйноого, ташууга, кайра иштетүүгө чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди кошо финансылоого жумшалат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий