• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандын акыйкатчысы чек арадагы окуяда жарадар болгон чек арачылардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-май күнү Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов 8-майда чек арадагы окуяда жарадар болгон Баткен аскер отрядынын "Көк-Таш" чек ара тозотунун чек ара кызматкерлерин көрүп келди. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарадар болгон аскер кызматкерлери учурда Улуттук госпиталда дарыланып жатат.

"Акыйткатчы ок тийген аскер кызматкерлери М. Абдисаит уулу жана Ч. Турдубай уулуна жолукту. Жоокерлердин үчүнчүсү – Мирбек Султанбек уулу аталган госпиталдын реанимация бөлүмүндө болгондуктан, акыйкатчы анын апасы менен жолугуп сүйлөштү. Жолугушуу учурунда акыйкатчы өзүнүн Чек ара кызматындагы тажрыйбасын эске алып, жоокерлерге кесиптеш катары кайрылып, аларга дем берип, тезирээк айыгып чыгуусун каалады. Акыйкатчы жоокер М. Султанбек уулунун апасы менен маектешип, анын уулунун операциясы жакшы өтүшүн каалады", - деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы бейтаптардан социалдык жана тиричилик мүнөздөгү кандайдыр бир көйгөйлөрү барбы деп кызыккан. Жоокерлер жана М. Султанбек уулунун апасы учурда эч кандай арыз же даттануу жоктугун, дарыгерлер менен медициналык персоналдарга ыраазылыгын билдиришкен.

Акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Т. Үмөталиев жана дарылоочу врачтар менен сүйлөшкөндө, алар жоокерлер М. Абдисаит уулу жана Ч. Турдубай уулунун абалы туруктуу, ден соолугу жакшырып бара жатканын билдиришти. Ошондой эле дарыгерлер М. Султанбек уулуна экинчи операция жасоого даярдык көрүлүп жатканын айтышкан. Ага алгачкы операция Баткен облустук ооруканасында жасалган.

Пикир

Оставить комментарий