• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын Акыйкатчысы УКМКнын тергөө абагына барды

Коом 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына барды.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Токон Мамытов кылмышка шектүү деп КР Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган Жылдыз Чодобаева менен жолугушту. Ал КР Жазык кодексинин 319-беренеси ("коррупция") боюнча кармалган. Сүйлөшүү учурунда Ж.Чодобаева кармоо шарттарына нааразы болгон жок, бирок баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жардам сурады.

Ж.Чодобаева төрт баланын энеси экендигин, алардын эң кичүүсү эки гана жашта экендигин эске алып, ошондой эле КР Жазык-процесстик кодексинин 106-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 5-пункттарына таянып, Акыйкатчы Бишкек шаардык сотунун төрагасына, шектүү Ж.Чодобаеванын (анын жактоочусунун) апелляциялык арызын кароодо анын баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө же үй камагына чыгарууга өзгөртүү маселесин карап көрүүнү сунуштайт.

Ошондой эле Токон Мамытов КР Башкы прокуратурасынын Аскер прокуроруна кайрылып, Ж.Чодобаевага карата эч жакка кетпөө же үй камагына чыгаруу жөнүндө баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотунун Соттук коллегиясына кайрылууну сунуштайт.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын Акыйкатчысына (Омбудсменине) Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын тургундары жамааттык кайрылуу жолдошкон.

Ж.Чодобаева 2021-жылдын 8-апрелине чейин КР УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алгандыгы боюнча иш боюнча камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий