• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын алдыңкы интеллигенциясы элдин биримдик маселесин талкуулайт

Коом 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Бишкекте мамлекеттик биримдик маселесин талкуулоо үчүн Кыргызстандын илимий жана чыгармачылык интеллигенциясынын элдик кеңешмеси өтөт.

Иш-чара 29-майда саат 10:00дө Ишеналы Арабаев атындагы КМУда “Күч бирдикте, бөлүнүүгө бөгөт коелу!” ураанынын алдында өтөт. Кеңешме аталган окуу жайдын жетекчилигинин жана “Кыргыз жолу” коомдук бирикмесинин демилгеси менен өткөрүлөт.

“Боло турган кеңешменин максаты элдик биримдикти бекемдөө жана өлкөнү бөлүп-жарууну каалаган күчтөргө каршы туруу маселелерин талкуулоо”, - деп билдирди “Кыргыз жолу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кадыр Кошалиев.

Ал белгилегендей, иш-чарага элдик интеллигенциянын атынан мамлекеттин суверендүүлүгүн сактоодо элдин руханий биримдигинин ролу жөнүндө айтып бере турган илимий, чыгармачылык союздардын өкүлдөрү чакырылган.

“Моюнга алып коюшубуз керек, өлкөнү туруктуу өнүгүү жолунан адаштырууга аракет кылып, тышкы күчтөр мамлекетти бөлүп-жаруу үчүн активдүү чараларды көрүп жатканын байкап жатабыз. Коррупция менен күрөшүү чаралары көрүлүп жатканынан улам, деструктивдүү түзүмдөрдүн иштерин ички күчтөрдөн деле байкаса болот”, - деп белгиледи Кошалиев.

Пикир

Оставить комментарий