• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын алдын ала эмдөө боюнча улуттук календарына ротавирустук вакцина кошулду

Ден соолук 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги 2019-жылдын 23-декабрынан баштап Кыргызстандын алдын ала эмдөө боюнча улуттук календарына ротавирустук вакцинаны кошту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, өткөн жылдын декабрь айынын аягынан баштап Кыргызстандын бардык аймактарында ротавирустук вакцина менен эмдөө башталган.

Ротавирус инфекциясы – бул ич өткөк (диарея) оорусу. Инфекция ичеги-карын жана ашказанды жабыркатат.

Кыргызстанда жугуштуу оорулар ооруканасына жыл сайын ич өткөк менен беш жашка чейинки балдардан 7300дөн ашык кайрылганы катталган.

Ротавирус менен ооругандардын санын азайтуу максатында бир жашка чейинки ымыркайларга ротавирустук вакцина менен эмдөө керектелет.

Пикир

Оставить комментарий