• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын алтын кору 17,2 тоннага толукталат – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын аягына чейин Кыргызстандын алтын кору 17,2 тонна алтын менен толукталат. Бул тууралуу бүгүн биринчи Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча запастарды толуктоо үчүн 10 тоннадан ашык баалуу металл багытталган.

“2021-жылы өндүрүлгөн 10 тоннадан ашуун алтын запасты толтурууга багытталса, 2022-жылы бизде 17,2 тонна алтын калат. Президент өз тагдырын алтынга арнады, бирок ага азгырылган жок. Ал өз позициясында бекем турду, бул үчүн мен ага ыраазычылык билдиргим келет”, - деди ал.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын маалыматына ылайык, ноябрь айынын башына карата Кыргызстандын алтын валюта резервинин запасы 57,7 млрд сомго бааланган. Бул өткөн жылдын июлунан берки эң жогорку көрсөткүч.

Пикир

Оставить комментарий