• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын аскеринде «дедовщина» жок – Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. «Кыргызстандын аскеринде дедовщина жок». Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысы Сыргак Бодобаев билдирди.

«Ал негизинен командирлерге байланыштуу болот. Ал сабактарды жакшы өтүп, аскер өтөгөндөрдү жакшы көзөмөлдөсө кызмат өтөө жакшы жүрөт. Дедовщина маселеси дайыма көзөмөлдө турат», - деди ал.

Ал белгилегендей, 2019-жылы өлкө боюнча 6 миң жаш улан аскерде кызмат өтөдү.

2020-жылдын 2-мартынан тарта Кыргызстанда аскерге чакыруу башталган.

Пикир

Оставить комментарий