• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын бүгүнкү күнгө карата 4 миң мегаватт кубаттуулугу бар

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. / Кабар/. Кыргызстан күз-кыш мезгилинин энергияга болгон керектөө көбөйгөн мезгилин энергия кубатынын минималдуу кору менен өтөт. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси Бакыт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан 4 миң мегаватт кубаттуулукка ээ.

“Күз-кыш мезгилинен минималдык үнөм - 200-250 мегаватт кубаттуулук менен чыгабыз. Энергия кубатынын баары ички керектөөгө коройт. Эгер 20 жыл мурун Кыргызстан ири экспортчу өлкө катары билинсе, азыркы тапта энергияны керектөө жылына 5-8%га өсүп, жаңы кубаттар жок болууда. Ошондуктан энергияны үнөмдөөнүн жана жашыл экономиканын электр энергия тармагындагы саясатты жүргүзүүдө орду чоң”, - деди ал.

Сыдыков белгилегендей, адистердин эсеби боюнча, энегияны үнөмдөгөндө анын кору 30-35%га жетет.

“Мен белгилегендей, биздин кубаттуулук 4 миң мегаватт болсо, үнөмдөө 1200 мегаватт болот экен. Бул дээрлик Токтогул ГЭСи чыгарган кубаттуулукка барабар. Энергияны үнөмдөөчү тармактар көп. Алсак, турак коммуналдык чарба, курулуш тармагы”, - деп кошумчалады Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий