• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жарандык активист: Кыргызстандын бүтүндүгү жана элдин биримдиги – баарынан жогору

Коом 0

Бишкек, 12.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Кыргызстандын бүтүндүгү жана элдин биримдиги – баарынан жогору. Биз калкты өз добуштарын сатпай, ар кандай чагымчылыкка алдырбоого, ал эми талапкерлерди укуктук айдыңда таза күрөшүүгө чакырабыз”, - деп билдирди “Кыргыз эл жаштар кенеши” коомдук уюмунун Бишкек шаары боюнча координатору Бекназар Айталиев.

Жарандык активист коомдо алдыдагы президенттик шайлоолорго карата ар кандай тынчсыздануулар жаралып жатканын белгиледи. Коомдук маанай чыңалууда жана саясатчылар эскалациядан качуу үчүн өтө кылдаттык менен аракеттенүүлөрү керек.

“Президенттик шайлоодон кийин кандай жыйынтык болорунун, чагымчылдык же башка ички жана тышкы күчтөрдүн аракеттеринин болгонунун мааниси жок. Биз элди туруктуулукка жана талапкерлерди – калкты козутпоого чакырабыз. Биз Украина, Ирак, Ливия, Сирия өңдүү мамлекеттердин мисалында тышкы күчтөрдүн ички саясатка кийлигишүүсүнүн натыйжасы кандай болорун көрүп жатабыз. Бизге мунун кереги жок. Өлкөбуз кечээ жакында эле туруктуулукка жетишти, бизге башаламандыктардын, өлкөдө хаостун кереги жок. Шайлоо өтөт, биз калабыз. Ошондуктан биз Кыргызстандын президенттигине талапкерлерди эң ириде, өлкөдө туруксуздаштырууга барбоого чакырабыз. Элге туруктуулук, тынчтык керек”, - деп чакырды Айталиев.

“Кыргыз эл жаштар кеңеши” коомдук уюумунун төрагасы Алмазбек Жазыбаев акыркы 20 жылда шайлоо учурунда өлкөнү туруксуздаштыруу аракеттери жүрүп келгенин билдирди. “Биз саясатчыларды өздөрүнүн КРдагы туруктуулукка зыян келтирүүчү саясий амбицияларын көздөбөөгө чакырып кетебиз. Бул – биздин келечегибиз. Учурда саясий майданда жана жалпы эле өлкөдө өкүм сүрүп жаткан чыңалууну тереңдетүүнүн кажети жок”, - деди бирикменин башчысы.

Ош шаары боюнча координатору Жаркынбай Бильбаев үч күндөн соң кыргыз жлин чоң сыноо күтүп жатканын белгиледи. “Биз Кыргызстандын жаңы президентин шайлайбыз. Акыркы жылдары өлкөдөгү саясий кырдаал өтө кыйын. Биз калкты акыл калчап, шайлоодо кимдин программасы жакса, ошого добуш берүүгө чакырат элек. Кайдагы бир 1000-2000 сомго өзүбүздүн жана балдарыбыздын келечегин сатууга болбойт. Келгиле, чагымчлыкка алдырбайлы”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий