• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын балет мектебинин окуучулары эл аралык сынакта жеңишке жетишти

Коом 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов "Maria Taglioni LE PAPILLON" классикалык жана заманбап бий аткаруучуларынын эл аралык сынагынын лауреаттарын кабыл алды.

Ведомстводон билдиргендей, 15-18-июлда Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык сынакта КР маданиятынын отличниги Жамиля Туляеванын жетекчилиги астында “Антре” балет студиясынын окуучулары 2-орунду жеңип алышты. Ошондой эле жеке аткарууда Аминат Атабиева жана Алия Решалиева “Заманбап бий” номинациясында 2-орунга болушту.

Белгилей кетсек, “Балдар балет мектеби” эл аралык сынагын Санкт-Петербург шаарындагы Эл аралык хореографтардын союзу уюштуруп келет. Ага 9 жаштан 15 жашка чейинки балдар катышат.

Соңунда министрдин орун басары окуучуларды жеңиши менен куттуктап, аларга белектерин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий