• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын балы эл аралык рынокторду багындырууда

Коом 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын табигый балды жана бал негизинде продукцияны өндүрүүчү Aman GreenFood ишканасына жаңы жана заманбап жабдууларды тапшырды. Берилген жабдуулар ишкананы автоматташтырууга, продукцияны көбөйтүүгө, коопсуздук стандарттарын жогорулатууга жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берет. Бул тууралуу АКШнын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

2019-жылы бул ишкана АКШга жалпысынан 12 тонна продукция экспорттогон. Ишкананын продукциялары АКШнын эң чоң соода дүкөндөрүнүн бири болгон Walmart дүкөнүндө сатылып келет.

Жабдууну тапшыруу аземине катышкан USAID`дин администраторунун Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басарынын жардамчысы Хавьер Пиедра Кыргызстандын балы дүйнөдөгү эң мыктылардын бири экенин белгилеп кетти. “Менин билишимче бул ишкана дагы 20 тонна балды АКШга экспорттоону көздөп жатат. Демек, мындан да көп менин мекендештерим кыргыз балынын даамын татаарына абдан кубанычтамын”, деди Пиедра мырза.

Тапшырылган жабдуулар аркылуу ишкана Эл аралык стандартизация боюнча уюмунун (ISO) сертификациялоо шарттарына жооп бериши үчүн шарт түзөт жана Европа жана башка чоң талап кылуучу тамак-аш рынокторуна продукцияны экспорттоо үчүн жол ачат.

Компаниянын башчысы Кадыр Алинин сөзү боюнча, бул жабдуу Кыргызстанда биринчи болуп саналат. “Эң эле баса айтуучу нерсе – балдын бардык көрсөткүчтөрүн текшере ала турган жана балдын кайсыл гүлдөн, канча пайыздык байланышы бардыгын аныктаган лаборатория куруп алдык”, - деди компаниянын башчысы Кадыр Али.

Aman GreenFood`дун өнүгүүсүнө жардам берүү аркылуу USAID бир канча ишканада жумуш орундарын түзүүгө салымын кошуп келет. Андан сырткары, алты чоң бал-аарычылык кооператив жана жеке бал өндүрүүчү ишканалар, анын ичинде 1200гө жакын жеке балчылар туруктуу сатып алуучу менен иштешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Aman GreenFood 2013-жылы түптөлүп, табигый балды өлкө ичинде жана АКШ, Жапония, Корея, Кытай жана араб өлкөлөрүнө сатат.

Бул ишкана USAIDдин «Конкуренттуу ишкана» долбоору аркылуу колдоого алынды. Бул долбоор беш жылдын аралыгында чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүп, жаңы жумуш орундарын түзүүнү көздөйт. Долбоордун жалпы бюджети 22,7 миллион АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий