• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын бардык элчиликтери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 18.03.20 /Кабар/. Кыргызстандын бардык элчиликтери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Муса Көчөрбаев билдирди.

Ал айтымында, азырынча Кыргызстанга кайтып келүүнү каалагандардын саны өтө көп эмес. Себеби, көп адамдар Европа өлкөлөрүнө көп каражат чыгымдап кеткендиктен, азырынча ал жакта болууну каалашууда.

Аны менен бирге ал белгилегендей, Кыргызстандын элчиликтеринде өлкө жарандарына мекенге келүү жолдору боюнча маалымат берилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий