• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөнүн бардык ооруканаларында вирустук инфекциянын белгилери бар бейтаптар үчүн изолятор бар

Ден соолук 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын бардык ооруканаларында вирустук инфекциянын белгилери бар бейтаптар үчүн изолятор бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, изоляторлор бир гана COVID-19дун белгилери бар бейтаптар үчүн эмес, башка вирустук инфекциялар үчүн дагы колдонулат.

“Өз кезегинде, бардык медициналык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жугуштуу оору тастыкталгандан кийин бейтап Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына которулат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий