• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын бардык өткөрмө жайларында алдын алуу чаралары күчөтүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында алдын алуу чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, карантиндик зоналар жарандарды кабыл алууга даяр, убактылуу обсервациялык бөлмөлөр түзүлгөн.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков "Манас" аэропортундагы санитардык-карантиндик жайды текшерүү учурунда, саламаттык сактоо мекемелеринде атайын палаталар даярдалганын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү лабораториялык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн керектүү материалдар бар. Аны менен бирге дарылоо үчүн дары-дармектер жетиштүү.

Министрликтен белгилешкендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсү боюнча, иш-аракеттердин жадыбалы түзүлгөн. Ага ылайык эпидемиологиялык абал түзүлгөн жерлерден Кыргызстанга келген адамдардын дене табы ченелип, анализ алынып, анализ чыкканча алар карантиндик зонада медициналык кароого алынат.

Лабораториялык текшерүүдө терс жыйынтык чыкканда жана клиникалык белгилер болбогон учурда жарандар дайым же убактылуу жашаган жери боюнча медициналык кароого жөнөтүлөт.

Коронавирустун белгилери бар учурда:

- КР жарандары текшерүүнүн жыйынтыгы алынганча саламаттык сактоо мекемелериндеги атайын палаталарга жаткырылат;

- чет эл жарандары текшерүүнүн жыйынтыгы чыкканча убактылуу түрдө изоляторлорго жаткырылат.

Кытайдын Ухань шаарынан келгендер клиникалык белгилер болбогон учурда да милдеттүү түрдө 14 күнгө чейин медициналык кароодон өтүшөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова белгилегендей, текшерүү үчүн анализдин үлгүлөрү жөнөтүлүп жаткан Улуттук вирусологиялык лаборатория бардык эл аралык талаптарга жооп берет жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан аккредитациядан өткөн.

Анын айтымында, аталган лабораториянын медициналык кызматкерлери окутуудан өткөрүлүп, эл аралык талаптар боюнча иштешет.

Андан тышкары ал зарыл учурда анализдер Лондон (Улуу Британия) шаарындагы вирусологиялык лабораторияга жөнөтүлөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий