• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын башчысы Анкарада президент, премьер-министр жана парламенттин спикери менен жолугушат

Саясат 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. 9-10-апрелде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапары менен Түркияга барат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, сапар КРнын Түркия менен маданий жалпылыкка жана тилге негизделген эки жактуу мамилелерин тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгын күбөлөндүрөт.

“Түркия Кыргызстан үчүн жакын дос жана ишенимдүү өнөктөш. Сооронбай Жээнбековдун сапарынын максаты жогорку саясий диалогду түзүү жана кыргыз-түрк кызматташуусу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери, Түркия менен ИКУ, ТТМКК, ТҮРКСОЙ, ТүркПА сыяктуу аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортсундагы стратегиялык кызматташуу жогорку Кеңешинин жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйындарын өткөрүү мөөнөтүн аныктоо болуп саналат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий