• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Анын айтымында, алдыда коронавирустун дагы бир толкуну болушу мүмкүн деп божомолдонуп жаткандыктан учурда ага даярдык иштер көрүлүүдө.

"Бүгүнкү күнү күз-кыш мезгилине карата пландар иштелип чыккан. Эл арасында эмдөө жүргүзүү пландалган. Жаңы ооруканалар салынып жатат, айрымдарында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Дарыгерлердин кеп-кеңештерин аткарып, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого чакырабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий