• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери жарандарды той-аштарды өткөрбөй турууга чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев өлкө жарандарын той-аштарды өткөрбөй турууга чакырды.

Ал учурда эмидемиологиялык кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын айтып, бирок жарандар санитардык эрежелерди үзгүлтүксүз сактоо керектигин белгилеп өттү.

“Социалдык аралыкты сактап, беткап кийип жүрөлү. Гигиеналык эрежелерди сактайлы”, - деди ал.

Ал өлкөдөгү акыркы саясий окуялар да коронавирустун жайылышына себеп болгонун айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий