• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын бел боо курама командасы Татарстандагы мелдештен олжолуу кайтты

Спорт 0

Бишкек, 11.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын бел боо курама командасы Татарстандын Мамадыш шаарында өткөн мелдештен олжолуу кайтышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курманбек уулу Нурданбек 50 кг чейинки салмакта каршылаштарын барын жеңип, дүйнөнүн чемпиону аталса, 70 кг салмакта күрөшкөн Курстанбек кызы Феруза күмүш медалдын ээси болду. Ал эми Мустапакул уулу Канзатбек 85 килограмм салмакта күрөшүп, коло медаль жеңди.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 5-7 сентябрында Татарстандын Мамадыш шаарында бел боо күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчилиги болуп өттү. Аталган мелдешке 15-17 жаштагы улан-кыздар катышты.

Пикир

Оставить комментарий