• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги Ноорузду белгиледи

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. 2017-жылдын 25-мартында Генк, Фландрия шаарларында Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги кыргыз диаспораларынын, ошондой эле Азербайжан, Афганистан, Грузия жана Ирандын делегациялары менен Нооруз майрамына арналган эл аралык иш-чарага катышты. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Салтанат Бельгиянын Лимбург провинциясынын Интернационалдык Комитети тарабынан уюштурулган. Мекендешибиз, “Миллион алых роз” аялдар коомунун жетекчиси Сара Бүргөева бул комитетттин ардактуу мүчөсү болуп саналат.

Күн бою европалык меймандарга уюштуруучу элдин тарыхы, салттарынын өзгөчөлүктөрү, жөрөлгөлөрү менен тааныша алышты.

Майрамга арналып сүрөт жана кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн тери, кийизден жасалган үлгүлөрүнүн (шырдак, калпак, кийиз ою түшүрүлгөн жибек моюн орогучтар ж.б.) көргөзмөлөрү өттү.

Кыргыз обондорунун алында кыргыз аялдарынын белдемчи, элечектен тартып, Кыргызстандын заманбап дизайнерлеринин кийимине чейинки улуттук кийимдеринин көрсөтмөсү өттү. Фламанд аймагынын жашоочуларынын өзгөчө кызыгуусун колго жасалган кийиз буюмдар, күмүш зер буюмдары жаратты.

Келген меймандар Ноорузду белгилеген мамлекеттердин салттуу тамак-аштарын ооз тийишти. Кыргыз ашканасы салттуу даамдар жана белгилүү кыргыз коньягы менен сунушталды. Атамекендик айыл чарба продуктуларын таанытуу максатында элчилик бельгиялык рынокко бал жана кургак жемиштердин ар кандай түрлөрүн алып барышкан.

Иш-чарага 500дөй адам келди. Мындай масштабдагы иш-чаралар өлкөнүн улуттук колоритин жана маданиятын гана чагылдырбастан, Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалын тааныштырууга шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий