• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинде “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Кечээ Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы элчилигинде “Ачык эшик күндөрү” өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Бельгиядагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев Кыргызстандын өзгөчөлүктөрү, европа туристтери үчүн өлкөнүн туристтик жагымдуулугу тууралуу айтып берди.

Элчиликтин кызматкерлери тарабынан кыргыз турмушунун салттарынын элементтерин түзүү, улуттук ашкана жана меймандостук үрп-адаттары менен “Кыргыз үйүнүн” бет ачары көрсөтүлдү.

Бет ачардын мындай формасы өтө чоң кызыгуу менен кабыл алынды. Жыйынтыгында кызматташтык тууралуу айкын макулдашууларге жетишилип, 56 адамдан турган Нидерланддык туристтердин биринчи тобу түзүлдү.

Иш-чарага Бельгиядан («Anders Reizen», «Het Zuiderhaus», «Sara Beeckman», «Sovjet Reizen», «Visa support service»), Нидерландиядан («Sawadee Reizen», «SNP»), Франциядан («Paris Travel Transfer»), ошондой эле Кыргызстандан «Nomadstan» туристтик компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий