• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын белгилүү адамдары ак илбирсти сактоо боюнча видеого тартылышты

Коом 0


БИШКЕК, 24.08.17 /Кабар/. Кыргызстандын белгилүү адамдары ак илбирсти сактоого чакырган видеого тартылышты. Роликти тартууга «Азия MIX» командасынын резиденти Ростислав Ященко, белгилүү блогер Айжан Асемова, ырчылар Юлия Руцкая, Айым Айылчиева жана Мирбек Атабеков катышты.

Атабеков кыргыз эли үчүн ак илбирс байыртан ыйык жаныбар болуп келгенин белгиледи. “Эгерде биз бул жаныбарларды жоготсок, анда кыргыз элинин рухун жоготобуз”, - деп эсептейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте 24-25-августта ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча эл аралык форум өтүп жатат. Кыргызстанга ак илбирс байырлаган 12 өлкөнүн өкүлдөрү келишкен. Форум расмий түрдө эртең, 25-августта президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылат.

Пикир

Оставить комментарий