• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын белгилүү аялдары менен окуучу кыздар футбол ойношот

Спорт 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Эртең Бишкек шаарында футболчу кыздар өлкөнүн таанымал аялдары менен достук беттештерин өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Кечээ башталган бул иш-чара Эл аралык аялдар күнүнө жана айымдардын футбол майрамына карата уюштурулууда.

"Футбол федерациясы жана БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) калаадагы мектептердин окуучу кыздары үчүн машыгууларды өткөрдүк. Машыгууларда кыздар өздөрүнүн чеберчилигин, кооз оюн көрсөтүштү. Машыгуулардан кийин ар бир мектепке үч топ, мыктыларына атайын футболка берилди", - деп билдиришти федерациядан.

Финалдык оюн саат 13:00дө Футбол федерациясынын футбол борборунда өтөт. Ага конок катары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Кыз-келиндер футбол ассоциациясынын президенти Бермет Төлөгөнова, ишкерлер Айжан Чыныбаева жана Мээрим Таабалдиева келишет.

Пикир

Оставить комментарий