• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын белгилүү балеринасы Асымкүл Баетова дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Советтик Кыргызстандын белгилүү балеринасы, эмгек сиңирген артисткасы Асымкүл Баетова дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Асымкүл Баетова 1942-жылы 26-августа Фрунзе шаарында (азыркы - Бишкек) төрөлгөн. А.Ваганова атынданы Ленинград мамлекеттик академиялык хеография окуу жайына тапшырып, аны аяктаган.

Баетова 1959-жылы Кыргыз опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп, баардык башкы ролдорду аткарган. Баетова 1982-жылга чейин ошол театрда эмгектенип, кийин эмгек өргүүгө кеткен.

Асымкул Баетова “Ак куулар көлү”, “Жизель”, “Корсар”, “Ромео жана Жульетта”, “Лауренсия”, “Франческа да Римини”, “Бахчисарайлык фонтан”, “Шопениана”, “Дон Кихот”, “Спартак”, “Баядерка” жана улуттук “Анар”, “Куйручук”, “Асел” жб. балеттеринде башкы ролдорду жараткан.

Баетованын аты Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөдө да абдан белгилүү болгон.

Жаназасы эртең, 12-февраль күнү Чоң-Таш айылында өтөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Кыргыз опера жана балет театрынын эмгек жамааты биргеликте белгилүү балеринанын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий