• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын белгилүү экономисти Жумакадыр Акенеев көз жумду

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кечээ, 15-августта белгилүү экономист Жумакадыр Акенеев каза болду. Бул маалыматты Жумакадыр Асанкуловичтин туугандары тастыкташты.

Алар кабарлашкандай, Жумакадыр Акенеев болжол менен саат 18:00дөр чамасында жүрөк оорусунан каза болгон.

Жумакадыр Асанкулович 1954-жылы 22-январда Ысык-Көл облусунун Улахол айылында туулган.

Кыргызстандын белгилүү экономисти Улуттук статистика комитетинин башчысы, Айыл жана суу чарба министри жана КР нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы болгон.

Пикир

Оставить комментарий