• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын билим берүү системасынын өкүлдөрү Индияда өткөн конференцияга катышты

Билим 0

Бишкек, 21.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү системасынын өкүлдөрү Индияда өткөн эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференция ушул жылдын 13нөн 16-мартына чейинки аралыкта Индиянын Шарда университетинде өткөн. Иш-чаранын аталышы: “Социалдык илимдердеги саламаттык сактоону контекстуалдаштыруу: глобалдык жана улуттук перспектива”.

"Конференция Шарда университети менен Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын ортосундагы кызматташуу тууралуу келишиминин алкагында өттү", - деп айтылат маалыматта.

Конференциянын алкагында Индиянын коомдук илимдер жана саламаттыкты сактоо Ассоциациясы (обо) гуманитардык жана социалдык илимдер мектеби менен биргеликте: "Коомдук Илимдердеги изилдөө методдору" аттуу семинар уюштурулуп, ага Кыргызстан, АКШ, Непал, Австралия жана Индиядан 142 окумуштуу катышты.

Иш-чарада Кыргызстан менен Индиянын университеттеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу темасы козголду. Тараптар: профессордук-окутуучулар курамынын мобилдүүлүгү, спорт, медицина жана физиология тармагындагы кызматташуу, студенттердин мобилдүүлүгү, биргелешкен илимий макалаларды жарыялоо, эл аралык конференцияларды биргелешип уюштуруу сыяктуу маселелерди талкуулады.

Белгилей кетсек, конференцияга биринчи жолу Кыргыз Республикасынын орто билим берүү тармагынын өкүлдөрү чакырылып, ага Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун директору, ошондой эле А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын директору катышты. Ошондой эле, иш сапардын алкагында MODERN PUBLIC SCHOOL (Индия) менен №68 мектеп-гимназиясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий