• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын билим берүү тармагына Евробиримдиги 9,3 млн евро бөлүп берди

Коом 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Финансы министрлигинин казыналык эсебине Европа Биримдигинен билим берүү секторун бюджеттик колдоо үчүн 9 млн 375 миң евро суммасында грант келип түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каражаттар окуу китептерин сатып алууга, мектепке чейинки билим берүү системасын каржылоого жана бардык мектептерде Интернетти орнотууга жумшалат.

Ошондой эле, бул акча кесиптик-техникалык билим берүү системаларын реформалоого, билим берүүнүн жана педагогикалык стандарттардын сапатын жогорулатууга сарпталат.

Ар бири 10 млн евро суммасындагы мурунку эки транш 2016-2017-жылдардын декабрь айларында төлөнүп берилген. Бул бюджеттик жардам билим берүү Евробиримдигинин эки тараптуу программасынын негизги үч багытынын бири болуп саналган 2014-2020-жылдарга көп жылдык индикативдик программалык жардамдын алкагында берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий