• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын бир да университети эң мыкты 100 ЖОЖдун тизмесине кире алган жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Кыргызстандын бир дагы университети Европанын жана Борбор Азиянын эң мыкты делген 100 Жогорку окуу жайынын тизмесине кирген жок.

“Өнүгүп жаткан Европа жана Борбор Азия” (QS Emerging Europe and Central Asia) аттуу программасы жыл сайын аталган аймактагы университеттердин рейтингин чыгарып турат. Бул маалыматты Эл аралык QS агенттигинин расмий сайты жарыялады.

Аталган программанын жыйынтыгы менен эң мыкты делген 100 университеттин алдыңкы орунун Орусиянын 2 университети алган. Биринчи орунду 3 жылдан бери М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети бербей келе жатса, экинчи орунду Новосибирcr мамлекеттик университети алган. Ал эми үчүнчү орунду Эстониянын Тарту университети ээлеген.

Кыргызстандын ЖОЖдору 250 университеттин ичинде жолугат, тактап айтканда, Борбор Азиядагы Америка университети бул рейтингдин 121-орунуна илээшкен.

Отчетто аталган университет азырынча жаш экени айтылган. Анда 5 миңге жакын студент окуйт. Түзүлгөнүнө 25 жыл да боло элек. Изилдөөнүн жыйынтыгында, окуу жайдагы билим берүү төмөн экени белгиленген.

Эл аралык QS агенттиги университеттердин рейтингин сегиз багыттагы көрсөткүч менен чыгарган. Анын ичинде: окуу жайдын онлайн-катышуусу жана окутуучулардын PhD квалификациясынын деңгээли каралат.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий