• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын бир гана облусунда азык-түлүк жана кызматтардын баасы өскөн эмес – Статистика комитети

Экономика 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын Ош облусунан башка облустардын баарында баалардын жана тарифтердин жогорулашы байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, эң жогорку өсүү Нарын облусунда байкалган (0,7%). Бул азыктардын жана алкоголдык ичимдиктердин баасынын 1,5%га өсүшүнө байланыштуу.

Ысык-Көлдө жыл башынан бери алкоголдук ичимдиктер жана тамекинин баасы 4,4%га жогорулаган. Ал эми Талас облусунда кызматтардын баасы 1,8%га өскөн.

Ошол эле учурда азык-түлүк эмес товарлардын баасы ушул жылдын февраль айында 2018-жылдын декабрь айына салыштырмалуу Ош облусунан тышкары республиканын баардык облустарында төмөндөгөн. Ошто алар 0,4%га өскөн.

Республиканын аймагы боюнча февраль айында январга салыштырмалуу баалар жана тарифтер 0,2%га төмөндөгөн. Бул азык-түлүк эмес товарлардын (0,4%), тамак аштын жана алкоголдук эмес ичимдиктердин (0,3%га) жана кызматтардын баасынын (0,1%га) төмөндөшүнө байланыштуу. Аны менен бирге алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары 0,7%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий